21:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Бул тууралуу калаабыздын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-мартта саат 13:00дөн 19:00гө чейин Курманжан Датканын эстелигинин алдындагы аллеяда Нооруз майрамына арналган салттуу кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеси өтөт.

Жарманкени Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда уюштурууда.

Жарманкеде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген уникалдуу буюмдар жана сувенирлер, жарманке учурунда сатып алууга боло турган улуттук даамдар жана суусундуктар коюлат. Иш-чарадан түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшалат.

Эң көп окулган жаңылыктар