14:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кербенде күкүрт кислотасын сатып жаткан милиция кызматкери кармалды

2023-жылдын 10-мартында саат 13:00дө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) боюнча мурда катталган материалдын алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, Аксы районунун Кербен шаарында мурда контрабандалык жол менен күкүрт кислотасы алынып келинген материалдарды сатуу учурунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун ИИБнын кызматкери, 1986-жылы туулган тургуну М.А. үйүнөн 563 килограммг 700 грамм күкүрт кислотасы алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин «контролдук сатып алуу» атайын операциясынын жүрүшүндө М.А. Ош облусунун аймагында 330 килограмм 950 грамм «күкүрт кислотасы» прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 килограмм 650 граммды түзгөн.

Учурда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын
кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Кармалган М.А. КР ЖПКнын 96-беренесине ылайык Өзгөн районунун ИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар