12:35
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылды

Бишкек шаарында жашыруун иштеп келген нарколаборатория табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой, Алтымышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдүн жалпы салмагы 438,07 килограммды түзгөн. Алар экспертизадан өткөрүү үчүн ИИМдин борборуна жөнөтүлгөн.

Бул фактыга ылайык, иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби