20:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундун үйүнөн 10 килограммдан ашык баӊгизат табылды

Ысык-Көл облусуна каршатуу Дархан айылын тургунун үйүнөн 10 килограммдан ашык баӊгизаты табылды. Бул тууралуу облусунун ИИБнен билдиришти.

Маалыматка карганда, январь айынын акырында Жети-Өгүз районунда «Кепа» аттуу кишинин үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүрөт деген маалымат түшкөн. Ыкчам — иликтөө иштеринин алкагында Дархан айылынын 46 жаштагы тургуну Д. Каныбек экени аныкталды.

Кылмышка шектүүнүн үйүнөн тинтүү жүргүзүү учурунда, сарайынан жана жертөлөсүнөн 8 дана 5 литрлик пластикалык идишке жана целлофан баштыкка салынган жапайы кендир жыттанган өсүмдүк заты табылды. Экспертиза негизинде табылган заттар марихуанна экени тастыкталды.

Жалпысынан 10 килограмм 385 грамм марихуана жана 3 грамм гашиш чыкты. Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар