03:07
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

13 жашар кыздын өлүмү. Милиция кызматкери менен сотмедэксперт кармалды

Бишкектин Ленин райондук сотунун эки тергөөчүсү жана соттук-медициналык эксперт кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, кызмат абалына кыянаттык жана иш кагаздарын жасоо беренелери менен иш козголгон. Анын негизинде февраль айында тергөөчү менен эксперт кармалган. 

Прокуратуранын билдирүүсүндө, 13 жашар кызды зордуктоого шектүү дагы камакта.

Белгилей кетсек, 13 жаштагы кыз 2021-жылдын августь айында зордукталган.  Ал жерде тергөөчү иш козгоодон баш тартат, эксперт кыз 17-18 жаштай көрүнөрүн белгилеп бүтүм чыгарат. Зордуктоодон 5 айдан кийин кыз өз өмүрүнө кол салган. 

Эң көп окулган жаңылыктар