11:44
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жер мунапысы. Талаш жараткан 27-пункт алынып салынды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өкмөттүн 2022-жылдын 31-майындагы № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун 27-пункту алынып салынды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү токтом кабыл алынды.

«Президент Ак-Ордо конушуна күтүүсүз барып, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшкөндө бул токтомдун 27-пункту жер амнистиясын толук ишке ашырууну татаалдаштырып жатканы белгилүү болгон. Президент бул маселени тез арада чечип, башка аймактарда дагы жер амнистиясынын аткарылышын текшерүүнү тапшырды. Ошону менен бирге бардык жергиликтүү бийлик башчыларына мындан ары жарандардын жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууларына жол бербөө тапшырмасы берилди», — дейт Эрбол Султанбаев.

27-пунктта «жер мунапысынын объектиси жеке менчикте болгон жана менчик ээси жер мунапысына туура келген жер участогунун бөлүгүн берүүдөн баш тарткан учурда талаш-тартыштар жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте чечилет», — деп жазылган.

Эң көп окулган жаңылыктар