02:36
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Бүгүн Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында митинг өтөт

Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында аялдардын укугун коргоо боюнча митинг өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, тынч митингде 8-марттагы маршты үзгүлтүккө учуратып, анын катышуучуларына кол салгандарга каршы пикирин билдирүүнү каалагандар катыша алышат.

8-март күнү Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Бирок алгач калпак кийген беткапчан белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Түшүнүк кат жазгандан кийин демилгечилер кое берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар