20:16
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аялдар ишкердигинин дүйнөлүк күнү белгиленет

Кыргызстанда аялдар ишкердигинин дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул тууралуу «Айымдар иште: Дем бер, колдо жана майрамда!» деген ураан алдында өтө турган иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Иш чара 16-ноябрда Бишкекте башталып, Ош, Каракол шаарларында уланат. Анда ийгиликке жеткен ишкер айымдар өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Кыргызстанда бизнеске аралашкан айымдардын катары калыңдоодо. Бирок ошого карабай, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ири ишкерлик менен алектенгендердин 2 пайызы гана аялдар. Өндүрүш тармагында аялдар 22%, соодада 56% түзөт. Өзүнүн жеке ишин ачкандардын 19 пайызы айымдар.

Эң көп окулган жаңылыктар