13:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Үрөн тазалап, тамеки терип, бээ саап. Айылдан чыккан атактуу айымдар

15-октябрь- Бүткүл дүйнөлүк элеттик аялдардын күнү. Алар жер шарынын калкынын төрттөн бир бөлүгүн түзөт. 

Элеттик аялдардын күнү- алардын эмгектери канчалык баалуу экенин коомчулукка эскертип туруу үчүн,  1995-жылы Пекинде өткөн БУУнун 4-аялдардын жыйынында сунуш кылынган.

Статкомдун маалыматында, былтыр Кыргызстандын калкынын 65 пайызын аялдар түзгөн. Алардын басымдуу бөлүгү айылда жашайт. 

24.kg агенттиги айылдан чыккан, учурда шаарда жашаган айрым атактуу айымдардын пикирин укту.

Топондору сизге пайда, эгиндери бизге пайда

Кырманга барып үрөн тазалаган КР Эл артисти Каныкей Эралиева Нарын облусуна караштуу Дөрбөлжүн айылында 1956-жылы туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

— Кадимки айылдыктардай эле үй жыйнап, суу ташып, камыр жууруп, нан бышырып, кир жууп баарын жасачумун. Азыр шаарда жумуш аз эле. Үйдөгү жумуштун баарын кыз-келин, балдарым жасайт.

Балачакта эстен кетпеген бир окуя болгон. Үйүбүз айылдык клубга жакын болчу. Ошол кезде кино башталарда музыка ойнотуп койчу. Киного шашып боорсок бышырып атып камырды майга салып ийип бутум күйгөн. Анда бир ай таңылуу жүргөм. Дагы деле күйүктүн тагы бар. Бала кезде мугалимдердин арык тазалатып, кырманга алып барып үрөн тазалаттырганы эсте.

Азыр деле айылды сагынам, бирок барып келгенге убакыт тар.

Каныкей Эралиеванын жүздөй романс, обондору, 4 бөлүмдөн турган симфониялык оркестр үчүн сюитасы, чоң хор жана оркестр үчүн кантатасы, фортепиано үчүн сонатасы, пьесалары жана скрипка, виолончель, фортепиано үчүн вариациялары (350дөй чыгарма) бар.

Жардам бердик, алма тердик бай колхоздун багынан

Социология илимдеринин кандидаты Топчугүл Шайдуллаева колхоздун тамекисин, пахтасын терип чоңойгонун айтып берди. 

— Мен өрүкзарлуу Баткендин кызымын, бак-шактуу, там аркасында жашылча, жемиштин баары өскөн айылда төрөлүп чоңойгом. Ошон үчүн үйдө иштерибиз абдан эле көп болчу. Өрүк, алма жыйнап, аларды кургатып... Анан калса али бала экенибизге карабай колхоздун тамекисин, пахтасын да тердик. Сайдан суу ташып, колдо кир жууп, тамакты очокко от жагып бышырчубуз. Биздин муун көбү иштерман, чыйрак болуп бой жетти.

Азыр айылга барып калсам жумуш деле жасабаймын, конок болуп гана келем. Бирок кээде бак ичинде жер жайнаган өрүктөрдү эки колдоп кочуш толтура тергим келет, жаңы бышкан, азыр эле сабагынан ажырап жерге түшкөн кызыл бөйрөк өрүктөрдүн жытын сагынам. Очокто чартылдап күйүп аткан өрүк отундун табына эки алаканымды тосуп жылынгым келет. Айтор, мени сагынткан сезимдер көп.

«Кызыл өрүк» аталышындагы эсселер топтомун жазгам, анда совет мезгилиндеги колхозчулардын, тактап айтканда колхозчу аялдардын жашоо турмушу чагылдырылган. Карапайым жашоо, күн-түн колхоз ишинде жүргөн, анан кабагым кашым дебей бир этек бала төрөп, аларды да чоңойткон бир керемет апалардын мезгили, мууну өткөн да. Биздин балалык, өспүрүм кез мунун баарын көрүп калдык. Өзүм бир жыргап-куунап жашайын деп ойлоп да койбогон, колхоз ишине берилип иштеп, ыйманынын көптүгүнөн күйөөсүн (дегеле эркек аттуунун баарын) туу тутуп, сыйлап, өзүн экинчи планга коюп, тейлөөчү гана болуп келген бул аялзатынын кадыр-баркын ошол маалда колхоз жетекчилери, күйөөсү билди бекен, маселе ушунда.

Топчугүл Шайдуллаева «Кыз бала», «Жан шерик», «Ташка чыккан гүл», «Акылкасас», «Кызыл өрүк», «Всему свое время» китептеринин автору.

Жайлоого боз үй тикпесе, ошол да тоолук кыргызбы

Бээ саап, тандырга нан жапкан алып баруучу Нурзат Токтосунова:

— Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Ичке-Суу айылында төрөлгөм. Айылда кыз-келиндерге тиешелүү баардык иштерди кылчумун. Анын үстүнө ата-энем жайында жайлоого чыгышчу, анда бээ саап, тандырга нан жаап, сары май, кымыз, уй кымыз жасачумун.

Азыр дагы айылдын жумуштарын, өзгөчө жайлоону сагынам. Айылга барган сайын бир туугандарым менен бирге жумушчу кийимдерибизди кийип алып, атабызга жардам берип, чырпык терип, чөп чабышып, жыйнап жүрдүк.

Нурзат Токтосунова жолдошу Максат Надырбеков экөө Акбермет аттуу кыздуу болушкан. Ал «Нур» алып баруучулар мектебинин негиздөөчүсү.

Элибиз эмгек менен эрденип күлгөн

Кол эмгек жумуштарынан башкасын жасаган режиссер Ырыс Окенова:

— Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Төрткүл айылында туулгам. Балалыгым айылда өттү. Анда кадимки эле үй жумуштарын жасачумун. Апам чебер кол өнөрчү, кыздарына кол өнөрчүлүктүн баарын үйрөткөн. Менин көз көрүүм начар болгонго, кол эмгек жумуштарын жасаган жокмун. Азыр айылга барганда эмне жумуш болсо, убакытка карап жасай берем.

Учурда Ырыс Окенова жолдошу белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков экөө 4 баланы тарбиялап келишет. Ырыс Окенова режиссерлук кылган «13 жашар баланын арманы», «Талаш тагдыр», «Президент жана БОМЖ» аттуу тасмалар жана «Акшоола» аттуу кыргыз тилиндеги сериал тартылган.

Эң көп окулган жаңылыктар