15:51
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Жогорку Кеӊештин төрагасы айымдарды майрамы менен куттуктады

Бүгүн Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутат Зарылбек Рысалиев Кыргызстандын жети дубанынан келген айымдарды Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Сыйлангандардын арасында Роза Айтматова, Лайли Үкүбаева, Аалы кызы Назира, Динара Чоочунбаева, Гүлшайыр Садыбакасова, Гүлмира Турдубаева, Алтынай Жусупбекова жана Самара Токтакунова бар. Аларга гүлдесте менен белектер тапшырылды.

Төрага аталган айымдар бүт өмүрүн өлкөнүн өнүгүшүнө арнап келишкендигин жана азыр да бараандуу салымын кошуп жаткандыгын белгилеп, аларга тереӊ ыраазычылыгын билдирди. 

«Сиздердин эмгегиӊиздер баа жеткис. Баардык аялзаты — апалар болобу, эже-карындаштар болобу баарынан мурда үй-бүлөсүнө, балдарына, жакындары менен туугандарына күйөт. Ошол эле маалда аялдар иштеп дагы жетишип, коом турмушуна дагы жигердүү аралашат. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт каалайм», — дейт Дастанбек Жумабеков.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума