Орусия санкцияларды кыйгап өтүү аркылуу европалык микрочиптерди сатып алып жаткан болушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жогорку кызматтагы европалык дипломаттардын бирине шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, соода Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кошулбаган Түркия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) өндүү үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугу менен ишке ашууда.
Дипломат Брюссел менен «Чоң жетинин» жазалоочу чараларына карабай, Орусиянын импорту согушка чейинки көлөмгө жетип калганын белгиледи. Импорт азия мамлекеттеринен, анын ичинде Кытайдан да өскөн.
Соода көрсөткүчтөрүнө байкоо салган Женевада жайгашкан эл аралык агенттиктин маалыматына ылайык, былтыр Казакстан Орусияга 3,7 миллион долларга мирокчиптер менен жарым өткөргүчтөрдү саткан. Андан мурдагы жылы бул көрсөткүч 12 миң гана долларды түзгөн.
Евробиримдик, АКШ, Улуу Британия жана Жапониядан Орусияга жылына 163 миллион долларга электрондук компоненттер тикелей сатылып келген. Өткөн жылы бул көрсөткүч 60 миллионго чейин түшкөн.
Ошол эле аралыкта Орусия Казакстандан, Түркиядан, Сербиядан жана БАЭден электрониканы сатып алууну көбөйткөн. Ал продукцияны дээрлик чыгарбаган бул өлкөлөрдүн Орусияга санкция салган мамлекеттерден импорту кескин өскөн.
Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын талдоосуна караганда, Кыргызстандын, Армениянын жана Түркиянын да Батыш өлкөлөрүнөн импорту көбөйгөн. Банктын статистикасына ылайык, Евробиримдиктин, АКШ жана Британиянын Орусияга экспорту былтыркы жылдын май айынан июлга чейин эки эсеге кыскарган. Муну менен бирге Европа менен АКШдан Армения менен Кыргызстанга импорттун өсүшү 80% ашкан.
Бул өлкөлөр ошол эле мөөнөттө Орусияга экспортту да эки эсеге көбөйткөн. Банк бул тенденцияны соодадагы жаңы багыттар менен байланыштырат. Маалыматка караганда, Евробиримдиктен Борбор Азияга машине, электроника, айыл чарба техникасынын экспорту негизинен Казакстандын эсебинен көбөйдү.

