УКМК издөөдө жүргөн чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жаран КРда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесипөтүүгө айыпталууда.
Андан сырткары, ал чет өлкөдө уюшулган кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

