19:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Түркия менен Сириядагы зилзаладан өлгөндөрдүн саны 21 миңден ашты

Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 18 миңден ашты. Бул тууралуу жума күнү вице-президент Фуат Октай билдирди.

Өлгөндөрдүн саны 18 миң 342ге жетти, 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланды.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркия менен Сириядагы зилзала 23 млн кишиге, анын ичинде 1,4 млн балага залакасын тийгизиши мүмкүн.

 
 
Эң көп окулган жаңылыктар