13:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эки кыргызстандык Түркиядан Астанага жеткирилди

Казакстанга Түркиядан 16 казак жараны жана кошо эки кыргызстандык жеткирилгенин «Казинформ» маалымат агенттигине таянып «Азаттыктын» казак кызматы 8-февралда жазды.

Астана аэропортунан аларды Казакстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тосуп алышты.

7-февралда Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Анкарага 16 казакстандык жаран жана эки кыргызстандык студент жөнөтүлгөнүн маалымдаган.

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркагандар бар-жогун тактоо иштерин улантууда. 7-февралда Адана шаарында кыргызстандык келин жараат алганы, ал ооруканадан медициналык жардам алып чыкканы расмий кабарланган.

Соңку кабарларга ылайык, Түркия менен Сирияда 6-февралда катуу жер титирөөдөн мерт болгондордун саны 7200дөн ашты. Түркиянын өзүндө набыт кеткенде 5400гө жетип, 32 миңден көп киши жараат алды.

Эң көп окулган жаңылыктар