Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Түркияда зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү маселесин көтөрдү.
Ал үйсүз калгандарды жайгаштыруу үчүн боз үй жөнөтүүнү сунуштайт.
«Кыргызстандын кооопсуздугу биздин коопсуздук деген бир эле Түркия болду. Биз тууган элбиз. Азыр көп өлкөлөр жардам берип жатат. Бирок биздин жардам өзгөчө. Он провинцияда жер титирөө болуптур, курман болгондордун саны азыркы расмий маалыматтан дагы көп экендиги айтылып жатат. 1999-жылы жер титирөө болгондо Кыргызстандан боз үй жөнөткөн экен. Азыр боз үй менен чатырлар абдан керек», —дейт эл өкүлү.
Нуржигит Кадырбеков түрк тилинде жер титирөөдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, колдоосун билдирди.

