23:46
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун тескеген кеңсе ачылды

Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун курулушун тескей турган кеңсе ачылганы белгилүү болду. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдору» мекемеси расмий маалымат таратты.

Билдирүүдө кеңсени ачуунун максаты долбоордун ишке ашуусун тездетүү экени белгиленген.

«Темир жолду куруу долбоорунун техникалык, экономикалык негиздемеси быйыл 1-июнга чейин даярдалат. Тараптар азыркы учурда долбоорду башкаруу тартиби, эл аралык финансы уюмдарынан каражат тартып келүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деп билдирет «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы.

Эң көп окулган жаңылыктар