20:11
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ташкентте 20 жумушчу жапырт түрдө тамак-ашка ууланды

Ташкенттеги курулуш компанияларынын биринде иштеген 20 жумушчу тамак-ашка ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бейтаптарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда абалдары туруктуу.

Кайсы курулуш компаниясынын жумушчулары ууланганы, тамак кайсы жерде, кандай шартта жасалганы айтылган жок.

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат өзбекстандыктарды сапаты текшерилбеген азык-түлүктөрдү колдонбоого, тамак даярдоо учурунда санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого үндөдү.

Эң көп окулган жаңылыктар