15:07
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Депутаттын өзү гана эмес, үйү, унаасы жана буюмдары дагы кол тийгис болот

Жогорку Кеңеш «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзам долбоорду үч окууда кабыл алды.

Ага ылайык депутаттын кол тийбестиги өзүнө гана эмес, үйүнө, унаасына, жүктөрүнө жана архивдик документтерине дагы тиешелүү болот. Эл өкүлүн тинтүүгө жана суракка чакырууга тыюу салынат.

Партиялык тизме менен мандат алган депутат фракциядан чыга албайт. Чет өлкөгө иш сапар учурунда фракция лидеринин статусу вице-спикерге теңелет. 

Депутат Өмүрбек Сыдыгалиев мыйзамдар боюнча бардык тараптар менен макулдашылганына карабай, айрым министрликтер тарабынан вето коюлуп жатканын сынга алды. «Андыктан ушул маселеге көңүл бурсаңар», — деди эл өкүлү.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Эң көп окулган жаңылыктар