Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Дастан Бекешов депутаттарды суракка чакырууга тыюу салууну сунуштады.
Ал «Жогорку Кеңештин депутатынын макамы» тууралуу мыйзамг толуктоого киргизүү керектигин белгиледи.
«Мыйзам долбоор азыр экинчи окууда турат. Ага биз өлкөгө кирип-чыгуу, суракка чакыруу жол жобосун белгилеп коешубуз керек. Суракка чакыруу депутаттын укугун бузат, ошондуктан ага тыюу салуу керек», -деди Дастан Бекешов.