Ош областынын Кара-Суу районунан шайланып келген делегат Жылдызкан Жолдошова элдик курултайда сөзүн президенттик-парламенттик башкарууга өтүү керек деп баштады.
Экс-депутаттын айтымында, Кыргызстанга президенттик башкаруу болбойт экен.
«Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде «монстрга» айланат экен. Ошону үчүн биздин өлкөдө президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүбүз зарыл»
Анын бул сөзүн залда отургандар жактырбай кыйкырып, ышкыра башташты. Жылдызкан Жолдошова кээ бир делегаттар жергиликтүү бийликтин чечими менен келгенин айтып, аларды сөздү бөлбөөгө чакырды.
Андан ары сөзүн уланткан Жылдызкан Жолдошова чек ара маселесине токтолду.
«Мен ачык айтып коеюн, чек араны чечебиз дегенден кийин Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында жерлерибиз тарып кетти. Билесиңерби, миндеген чакырымдар кетип жатат, абайлагыла! Бул маселеде өтө катуу тургула!» — деди делегат.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду дагы катуу сындады.
«Акылбек Үсөнбекович, ушул жерде Камбар-Ата-1 ГЭСин кошуна өлкөлөр менен салабыз деп айттыңыз. Сиз кайсы гана бийлик менен иштешкен жоксуз, канча президентти кетирдиңиз? Камбар-Ата-1 — суунун, ГЭСтердин башы. Кайсы өлкө менен салсаңар дагы, өлкөнү эгемендүүлүктөн ажыратып коесуңар. Алтындан дагы кымбат — суу, энергетика. Бул оюңардан кайткыла!» — деди Жолдошова.
Ошондой эле, ал коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатат дейт.
«Коррупция менен күрөшүп жатасыңар. Ушул жерде энергетика министри отурат. 20 миллиондон ашык зыян келтирген Таалайбек Ибраев министр болду. Доскул деген...эми кышта кыйналабыз. Ошондуктан коррупция менен күрөшсөңөр, анда депутаттарды коркутпай, өзүңүздүн командаңыздан баштаңыз, Садыр Нуркожоевич. Аларды калкалабаңыз! Бул өтө орчундуу маселе» — деди Жылдызкан Жолдошова.

