18:31
USD 87.45
EUR 103.19
RUB 1.12

Курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды

Аксакалдар кеңешинин курамын шайлоодо талаш-тартыш жаралды. Курултайды алып барып жаткан Кемел Ашыралиев 20 кишинин фамилиясын окуп, аксакалдар кеңешинин курамын ачыктады. Бирок Нарындан келген делегат Асеин Аракеев кеңештин курамы 21 киши болушу керектигин айтып, өзүнүн талапкерлигин көрсөттү.

Буга жооп кайтарган Кемел Ашыралиев курамга 20 адам гана кирет, 21-киши жооптуу катчы экенин, аны кеңештин төрагасы сунуштайт деп жооп берди. Бирок, ал Нарындан келген делегат Асеин Аракеевдин шагы сынбасын деп анын талапкерлигин добушка салууну сунуштады. Бул маселе ачык бойдон калды.

Ал эми Кемел Ашыралиев батасын берип, алып баруучулукту кеңештин төрагасы Кадыр Кошалиевге өткөрүп берди.

Ал жооптуу катчыга талапкер сунуштап, 39 жаштагы юрист Саламат Кубандыков бир добуштан шайланды.

Учурда курултайда даректүү тасма көрсөтүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар