Т. Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда элдик курултайдын иши башталды. Алгач курултайдын тарыхы тууралуу тасма көрсөтүлүп, андан сон мамлекеттик катчы, уюштуруу комитетинин төрагасы Сүйүнбек Касмамбетов сүйлөп, бүгүнкү иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.
Анын айтымында, курултайга өлкөнүн аймактарынан 1072 делегат келди. Алардын 150ү аялдар. Иш-чарага 12 улуттун өкүлдөрү катышууда.
Улуттук форумга 18 ден 80 жашка чейинки курактагы жарандар делегат болуп шайланышкан.
18-30 жаштагылардан 23 делегат;
30-40-жаштагылардан 141 делегат;
40-50 жаштагылардан 197 делегат;
60-70 жаштагылардан 330 делегат;
70-80 жаштагылардан 97 делегат, ал эми 80 жаштан жогору 14 аксакал катышууда.
Алардын ичинен 708 жогорку билимдүүлөр. 12 делегаттын илимий даражалары бар.
Учурда курултайда аксакалдар кеңешинин курамы шайланууда.

