15:00
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өзбек парламенти кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзамды колдоду

14-ноябрда Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрдү.

Жыйын палатанын «Ютубдагы» каналына жарыяланды. Документти парламенттин 100дөн ашык депутаты дароо үч окууда колдоду. Долбоор тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов маалымат берип, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр оңой болбогонун айтты.

«Кошуна мамлекеттер менен чек ара маселесинде сүйлөшүү оңой болбой жатат. Узакка созулган талаш-тартыш жана машакаттуу жолдор менен чек араны кадамдап өлчөп, бир канча жолу өкмөттөр аралык жолугушууларды өткөрүп, архивдик документтерди карап, ошондон кийин сунуштар даярдалууда. Урматтуу президентибиздин кошуна Кыргыз Республикасы менен өз ара достук алаканы бекемдөө жаатындагы демилгелеринин негизинде чечими табылбай жаткан 35 участканы, жалпы узундугу 302 чакырымды тактоо жараяны акыркы баскычка жетти. Бул келишимге жетүүгө беш жылдан ашуун убакыт короттук. Бүгүн силерге сунушталган мыйзам долбоору менен тастыкталып жаткан келишимге оңой жетишилген жок. Кол коюлган макулдашууда республикабыз үчүн стратегиялык мааниге ээ бир катар зарыл көйгөйлөр чечилүүдө», — деди Абдулла Арипов.

Эми мыйзам долбоору Сенатка жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар