09:14
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мугалимдерге жазуу иштерин текшерүү, класс жетекчилик боюнча кошумча акы төлөнөт

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова мугалимдердин эмгек акысын жакшыртуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобу менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдагандай, мугалимдердин эмгек маянасын чегерүү жумалык сааттын өлчөмү, билим берүү, педагогикалык иш стажы, бийик тоолуу жана алыскы райондордо иштөөсүнөн көз каранды. «Мындан тышкары жазуу иштерин текшерүү, класс жетекчилик, устаттык иши боюнча жана башка иштерине кошумча төлөнөт» — деп билдирди министрдин орун басары.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, мугалимдердин эмгек акысын төлөөнү стимулдаштыруу принциптерин ишке ашырган системаны киргизүү зарыл. Анда мугалимдин эмгегинин сапаты окуучулардын сапаттуу билим алуусунун жыйынтыктары менен өлчөнөт жана ал үчүн материалдык сыйлыкка татыйт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин ишинин жыйынтыктарын баалоо критерийлерин, анын негизинде эмгек акы механизмин иштеп чыгууну тапшырды. Ошондой эле Финансы министрлиги менен биргеликте мугалимдердин эмгек акысын саатына төлөө өлчөмүн көбөйтүү, стимулдаштыруучу эмгек акы фондусун көбөйтүү жана зарыл каражаттарды конкреттүү эсептеп чыгуу мүмкүндүгүн карап чыгуу милдеттендирди.

Эң көп окулган жаңылыктар