06:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Медиктерге кошумча акыны төлөш үчүн 700 миллион сом керек

Медиктерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин маянасы май айына толук көлөмдө каржыланды. Бул тууралуу брифингде финансы министринин орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, маянадан сырткары коронавируска каршы күрөшкө тартылган медиктерге берилди.

«Бүгүнкү күндө дээрлик 700 млн сом суммасында кошумча каражат издөө маселеси турат, бул маселе Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте иштелүүдө. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери боюнча, учурда тизмелер такталып жана эсептер даярдалып жатат, Өкмөттүн чечиминен кийин Финансы министрлиги тарабынан каражаттар бөлүнөт», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар