23:59
USD 87.45
EUR 90.04
RUB 0.85

Коомго да, өзүнө да пайда келтирген бизнес. Аймактагы келиндердин жаратмандыгы

Жумушсуздук боюнча Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунда турат.  Өлкөдө саналуу гана завод жана фабрикалар бар. Буга карабастан, элеттин эли жеке ишкердик менен алектенип, өзүн гана эмес, айылдаштарын да жумуш менен камсыздоо амалын тапты.

Буга мисал кылып Талас облусунун Кара-Буура районун Бакыян айылында Жазгүл Айдаркулова ачкан аядардын машыгуу залын келтирсек болот. Ал айылдагы кыз-келиндердин бош убактысын өткөрүү жана ден-соолугун чыңдоого багытталган жалгыз жай.

Ушул эле айылда жергиликтүү активисттер мектеп окуучуларын жана чоңдорду да орус, англис тилдерин үйрөткөн окуу борборун ачышкан.

Ал эми Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылында үч баланын энеси Наргиза Бахапова таттуу азыктарды чыгаруучу цехти ишке киргизген.

24.kg менен болгон маекте ишкерликке умтулган айылдыктар бизнес ачып, аларга ким жардам бергенин жана келечекке болгон пландарын айтып беришти.

Жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууда элет тургундарына FSDS фонду колдоо көрсөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар