23:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун басма сө кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын президентинин учагы «Манас» эл аралык аэропортуна конду.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстан жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди.

Жогорку даражалуу мейманды Садыр Жапаров тосуп алды. Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары, сапардын алкагында «Кыргызстан-Азербайжан достугу» сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Эң көп окулган жаңылыктар