14:14
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берилбейт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштерине байланыштуу саат 9дан кечки 5ке чейин Михаила Фрунзе, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү жана Манас, Жибек Жолу проспектилери менен чектеш аймактарда таза суу берүү чектелет.

Ошондой эле № 28, 57, 75 балдар бакчасында, № 27, 75, 33 мектепте «Junior Land», «Крепыш», «Антошка», «Антошка плюс», «Айкөл» жеке менчик бакчаларда суу токтоп, аталган жайлар иштебейт.

Эң көп окулган жаңылыктар