Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР аймагына кирүүдө, Ош шаарынын аба майданынан Новосибирск — Ош авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.
Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.
Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.