03:07
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Баткенде ӨКМ куткаруучусу каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткенде душмандын огунан каза тапкан куткаруучунун сүрөтүн жарыялады.

Ал Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган лейтенант Ысманов Айбек Абдималикович болгон. Маркум 2010-жылдан бери КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгында кызмат өтөп, Өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн кароол башчысы кызматында эмгектенип жаткан.

«2022-жылдын 16-сентябрында кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуудан улам душман огунан каза тапты. Артында 3 уулу, жубайы калды», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар