Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдары Бекмурзаев, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия, Өзбекстан жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, министр кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, «Теплые ключи» ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКга жалпысынан 15 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
Натыйжада, энергетика министринин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.