11:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте митинг өткөрүүгө киргизилген чектөө узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту калаанын борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнү 2-декабрга чейин узартты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, митингди Ала-Тоо аянтында, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Жогорку Кеңеш, президенттин администрациясы жана УКМКнын алдында өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок аталган жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды өткөрүүгө болот.

Белгилей кетсек, каршылык акция, митингди Максим Горький атындагы гүлбакчада өткөрүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар