00:23
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ӨКМ: Жайдын ысык күндөрү күтүлөт

22нен 25-июлга чейин ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41 градус, Талас өрөөнүндө 34…39 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 37…42 градуска чейин жетет.

Ал эми тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19 градус жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмге ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырабыз, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Эң көп окулган жаңылыктар