01:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Айдоочуларга күндүн ысыгы күчөп турган маалда алыскы сапарга чыкпоо эскертилди

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга күндүн ысыгы күчөп турган маалда алыскы сапарга чыкпоону эскертет. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

«Ысык күчөгөндө айдоочулар жана жүргүнчүлөр тез чарчайт. Айрымдарынын башы айланып, алсырайт. Бул жол кырсыктарынын себеби болуп калышы ыктымал», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ӨКМ жакынкы күндөрү күн нормадан ашык ысый турганын эскерткен.

Эң көп окулган жаңылыктар