«Грин Лайт Компани» ишканасынын 25 жаштагы директору Н.А.га кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал айым 40 кыргыз жаранынын топтоп, Европа жана АКШга жеткирүү убадасын берген.
«Ал кыргыз жарандарын Украина аркылуу Молдовага жеткирген. Ал чет элдик жарандар менен бирге кыргызстандыктарды 5 ай кармап, лайнер аркылуу Европа жана АКШга жөнөтмөй болгон. Молдованын укук коргоо органдары иш козгоп, алардын баарын Кыргызстанга жөнөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

