05:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Медиа коомчулук прокуратураны «Клоопту» жабуу арызын кайтарып алууга чакырды

Кыргызстандагы медиа коомчулук Бишкек шаардык прокуратурасынын «Клооп» басылмасын жабуу боюнча арызына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда прокуратуранын доо арызында айтылгандай Kloop Media басылмасы уюмдун уставдарына дал келбеген ишмердүүлүктү алып барууда деген дооматтары негизсиз экени белгиленген.

«Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу. Бул өңүттөн алганда, прокуратура белгилеген «саясатты кескин сындоо», «дайыма тескери билдирүүлөр» Конституцияда кепилденген сөз эркиндиги жана бийликти негиздүү сындоодон башка эч нерсе эмес. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик кызматкерлердин аларга карата айтылган сын пикирлерге сабырдуулугун жогорулатуу принциби бекитилген, бул алардын ыйгарым укуктарын ачык жана жоопкерчиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл. Сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигинин Конституциялык кепилдиктери жарандарга коомдук талкуу аркылуу мамлекеттик башкарууга катышууга жана мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнө позитивдүү пикирлер аркылуу гана эмес, жеке аракеттерди жана чечимдерди, саясатты сындоо аркылуу реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берет», — деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүүгө «Медиа Полиси Институту», «24.kg», GovoriTV, Медиа Консалт фонду, Көз карандысыз журналисттер бирлиги, Factcheck.kg жана Аделя Лаишева, Ярослав Тартыков кол коюшкан.

Алар интернетте маалыматты издөө, колдонуу, жайылтуу жана сактоо укугу эч кандай уруксатты талап кылбай турганын, Kloop басылмасы өз ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүп жатаканын айтышкан. Жогоруда белгиленген жагдайларды эске алып медиа коомчулук шаардык прокуратураны «Клоопту» жабуу арызын кайтарып алууга чакырган.

Мунун алдында эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) билдирүү таратып, Кыргызстандын бийлигин коррупцияга каршы журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Kloop Media басылмасын жоюу боюнча арызын кайтарып алууга чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна «Клооп» басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаар прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда «Клооп» басылмасы «азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары» жазылган.

Прокуратуранын катында «Клоопко» 2021-жылы ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, буга байланыштуу экспертизалар дайындалганы айтылды.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, иш сот өндүрүшүнө өткөнүн билдирди.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай иш-аракеттерине мурдатан даярданып келгенин, артка чегинбей турганын айтты.

«Клооп» 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Соңку иликтөөлөрүнүн биринде мамлекеттин жерине «Барселонанын» академиясынын имаратын салууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин балдары жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары, «Росатом» компаниясынын Казакстанда көмүр казган күмөндүү өнөктөшү аралашып жатканы сөз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар