14:39
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанга Сириядан 31 аял жана 64 бала алынып келинди

Кыргызстанга Сириядагы лагерден 31 аял жана 64 бала алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз тарап бул иш-чараны ийгиликтүү ишке ашырууда жардам жана логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн АКШ өкмөтүнө, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондуна (ЮНИСЕФ) жана эл аралык Кызыл Крест комитетине ыраазычылык билдирди.

Миссиянын алкагында Кыргызстандын делегациясы министрлер кабинетинин тапшырмасына ылайык, Сириянын түндүк-чыгышына дары-дармек менен гуманитардык жардам берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар