00:51
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ТИМ: Литванын чек арасында 90го чукул кыргыз жараны тыгында калды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 7-сентябрда Литванын Беларус менен чектешкен эки — «Шумскас-Лоша» жана «Твярячюс-Видзы» бекеттери жабылып, чек арада Кыргызстандын 90го чукул жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа тыгында калганын билдирди.

Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси ошол эле учурда Беларус тарапта эч кандай чектөө жана тыгын жок экенин кошумчалады.

ТИМдин маалыматы боюнча, ушул тапта Литва менен Беларустун чек арасында «Лаворишкес Литва — Котловка», «Мядининкай Литва — Каменный лог», «Шальчининкай Литва — Бенякони», «Райгардас Литва — Привалка» бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерден жеңил машинелер жана жүк ташуучу автоунаалар да өтсө болот.

Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын кабарлады.

Эң көп окулган жаңылыктар