Жалпысынан сессиялык мезгилдин ичинде Жогорку Кеңеш 33 пленардык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
VII чакырылыш биринчи сессиясында 41 мыйзам жана 276 токтом кабыл алды.
Башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын ар жылдык отчетторун, Акыйкатчынын жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук Борбордун Директорунун баяндамаларын укту.
Жарандардын 7628 кайрылууларын карады, шайлоочулар менен 6000ден ашуун жолугушуу, 10 парламенттик угуу, конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү жана парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 33 жолугушуу өткөрдү.
Белгилей кетсек, депутаттар эки айлык эс алууга таркашкан.

