05:32
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон үй бузулду

Бишкекте жол оңдоого тоскоол болгон үй бузулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Арча-Бешик» конушунун Жайыл Баатыр көчөсүндөгү № 35-282 жер тилкесинде жүрүп жаткан жолду реконструкциялоо иштерине тоскоолдук жараткан, туурасы 8,5 метр, узундугу 12 метр болгон турак үй бузулду.

«Инспекторлор тарабынан аталган турак жайдын ээсине өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар