«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 9-июнда саат 9.00дөн 23.00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
«Баха» суу алгычындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу төмөнкү даректерде өчүрүлөт:
Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөлөрү Абдрахманов көчөсүнөн «Арча-Бешик» конушунун батыш чек арасына чейин, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев көчөлөрүндө, ошондой эле Сары -Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар, 105 контур жана Селекция конуштарында.
Борбор калаанын мэриясы тургундарын өз убагында ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

