17:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акылбек Жапаров россиялык кинорежиссер Никита Михалковду кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык экономикалык форумга катышуу үчүн Бишкекке келген орусиялык кинорежиссер Никита Михалков менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар ЕАЭБ алкагындагы маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулашты.

Никита Михалков ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасына Евразиянын «Бриллиант көпөлөк» кино сыйлыгын уюштуруу идеясы тууралуу айтып берди.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул идеяны колдоого даярдыгын айтып, Кыргызстан келерки жылы кино сыйлыктын ачылыш аземин Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар