23:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акылбек Жапаров жана Никол Пашинян кызматташуу маселелерин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Акылбек Жапаров жана Никол Пашинян өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.

Тараптар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз ара аракеттенүүлөрдү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөлөр ортосунда ишке ашырыла элек чон мүмкүнчүлүктөр бар.

Пикир алышууда экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жолдору талкууланды. Эки өлкөнүн экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин маанилүүлүгү белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар