15:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Талант Мамытов менен Шавкат Мирзиеев өлкө аралык кызматташуунун талкуулашты

Бүгүн, 30-декабрда, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелер жана өлкөлөр ортосундагы мындан аркы кызматташуу кадамдарын талкуулашты.

Талант Мамытов коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоосу жана гуманитардык жардамы үчүн Шавкат Мирзиеевге ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө бекем ниеттенгенине ишендирди.

Баарлашуу соңунда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Шавкат Мирзипевди жана жалпы Өзбекстан элин келе жаткан Жаңы 2021-жыл менен куттуктап, кыргыз тараптын Өзбекстан Республикасы менен эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө даяр экенин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар