06:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан «Газпромбанк» менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Москва шаарына жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «Газпромбанк» акционердик коомунун башкармалыгынын биринчи вице-президенттери жана мүчөлөрү Денис Камышев жана Алексей Попович менен жолугушуусу өттү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алуулар жана аталган тармакты өркүндөтүү жаатындагы улуттук мыйзамдарды өзгөртүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында контракттарды трансулуттук банктык коштоо жаатында «Газпромбанктын» тажрыйбасын жана технологиясын пайдалануу маселеси талкууланды

Тараптар аркылуу ошондой эле банктык коштоо кызматын илгерилетүү боюнча келечектеги өз ара аракеттенүүнүн, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдеринин, эмгек мигранттарынын Россиянын Кыргыз Республикасына төлөмдөрдү жүргүзүү тутумун өркүндөтүүнүн айрым маселелери козголду.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасынын катышуусундагы жолугушууда мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууда контракттардын банктык коштоосун киргизүү максатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Кыргыз тараптан документке финансы министри Алмаз Бакетаев, «Газпромбанк» акционердик коому тараптан аткаруучу вице-президент — контракттардын банктык коштоосу департаментинин жетекчиси Олег Мельников кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар