09:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Дания бийчи Атай Өмүрзаков менен кызматташуудан баш тартты

Бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Өмүрзаков мындай билдирүүнү «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жазды.

«Бүгүн Даниядан телефон чалышып, биздин келишим үзүлгөнүн билдиришти. Биз пандемиядан улам эки жыл иштеген эмеспиз, эми бир канча жылга тыюу салды. Эми жумуш издейин, артисттик кесип мен жана окуучуларым үчүн бүттү. «Силердин өлкө агрессорду колдоду. Биз силер менен кызматташа албайбыз» деп түшүндүрүштү. Мындай макам үчүн рахмат!» — деген Өмүрзаков.

Украина 1-мартта Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин кеңешүүгө чакыртып алган.

Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, орусиялык басылмалар Жапаров Путиндин Украинага каршы аракеттерин кубаттаганын жазышкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар