19:51
USD 87.45
EUR 102.51
RUB 1.12

Чаткалда шыбы урап түшкөн мектептин окуучулары ооруканага жөнөтүлдү

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу №18 Амирабек Чымканаев атындагы орто мектепте 17-майда сабак учурунда класстын шыбы урап түштү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлери 18 окуучу, бир мугалимди коопсуз жайга алып чыгып, Ала-Бука райондук ооруканасына жөнөттү. Маалыматка караганда, балдар 3-класстын окуучулары. Алардын абалы жакшы деп кабарланды.

Чаткал районунун билим берүү бөлүмү мектеп 1960-жылдары салынганын, имарат авариялык абалда болбогонун билдирди.

Социалдык тармактарда тараган сүрөттөрдө 3-класстын окуучуларынын окуу куралдарын, топо чаң болгон сумка, парталарды көрүүгө болот.

Эң көп окулган жаңылыктар