22:32
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Дача-Судагы авиакырсыктын себептерин иликтөөчү комиссия түзүлдү. Ага ким кирди

Садыр Жапаров «2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Су айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагы менен болгон кырсыктын себептерин жана шарттарын изилдөө боюнча коомдук комиссияны түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 16-январынын таңында Чүй облусунун Сокулук районунун Дача-Су айылына «Боинг-747» жүк ташуучу учагы кулаган. Анын кесепетинен Кыргызстан — айылдын 35 тургуну жана Түркиянын жарандары — экипаждын 4 мүчөсү каза болгон. Расмий версия боюнча Стамбул шаарына учуп бара жаткан самолет май куюу үчүн «Манас» аэропортуна багыт алган. Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин (МАК) авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча комиссиясы Дача-Судагы авиациялык кыйроону иликтөөнүн натыйжалары боюнча бүткөн отчетун үч жылдан кийин, 2020-жылдын февралында жарыялаган.

Учкучтардын кетирген катасы — кыйроонун башкы себеби деп аталган. Ошол эле учурда Дача-Судагы кайгылуу окуядан беш жыл өткөндөн кийин деле самолеттун кулашына ким күнөөлүү, жүк кимге таандык жана жабыр тарткандарга жардам катары чогултулган акчалар кандай бөлүштүрүлгөн деген суроолор жоопсуз калууда. Авиациялык кыйроонун себептерин жана шарттарын көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөө, Дача-Су айылынын тургундарынын проблемаларын комплекстүү чечүү үчүн сунуштарды даярдоо максатында жогоруда айтылган жарлыкка кол коюлду.

Коомдук комиссиянын курамы:

  • Алмамбет Шыкмаматов — коомдук ишмер, комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
  • Гүлшайыр Абдирасулова — укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
  • Дилбар Алимова — журналист-иликтөөчү, (макулдашуу боюнча);
  • Бекзат Алимов — «Эйр Манас» авиакомпаниясынын жердеги кызматынын жана каргонун директору (макулдашуу боюнча);
  • Элнура Алканова — «Ачык маалымат фонду» коомдук фондунун башкармасынын төрагасы;
  • Мавлян Аскарбеков — жарандык активист (макулдашуу боюнча);
  • Кубатбек Боронов — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
  • Төлекан Исмаилова — укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
  • Кайрат Кенжебай уулу — «Стоп Беспредел» маалыматтык сайтынын башкы редактору (макулдашуу боюнча);
  • Кубанычбек Култаев — адвокат, милициянын отставкадагы полковниги (макулдашуу боюнча);
  • Тимур Махмудов — жарандык активист (макулдашуу боюнча);
  • Динара Ошурахунова — укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
  • Мухаммедали Токтакунов — журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
  • Нурбек Токтакунов — укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
  • АдилТурдукулов — журналист-иликтөөчү (макулдашуу боюнча);
  • Бактыбек Турусбеков — Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын экс-депутаты (макулдашуу боюнча);
  • Эркингул Убышева — укук коргоочу (макулдашуу боюнча);
  • Самсаалы Четимбаев — жарандык активист (макулдашуу боюнча).
Эң көп окулган жаңылыктар