05:14
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Абакта олтуруп телефон аркылуу элдерди тоногон кылмышкер аныкталды

Абакта олтуруп телефон аркылуу элдерди тоногон кылмышкер аныкталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы маалымдайт.

Маалыматта № 47 түрмөдө мөөнөтүн өтөт жаткан 30 жаштагы Т.К. телефон аркылуу балдарынын дарылануусуна акча издеген ата-энелерди алдап, акча, кийим-кечек жана тамак-аш талап кылгандыгы айтылат. Анын Түркияда бекер дарылануу уюштуруу убадасына үч үй-бүлө ишенип, акча жана башка талаптарын аткарган.

Бул боюнча маалымат социалдык тармакта жарыялангандан кийин Жаза аткаруу кызматы иликтөөнү баштайт. Жыйынтыгында буга чейин алдамчылык жана жаза өтөө жайынан качкандыгы үчүн 7 жылга соттолгон Т.К. аныкталат.

Иликтөөнүн жыйынтыгы кызматтын Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар