00:06
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өлкөдөн чыгарылган миллиондор. Аны иликтеген журналисттер «Апрелден» жолугат

«Азаттык» радиосунун Кыргызстандан которулган акчалар боюнча иликтөөсүнүн автору Али Токтакунов жана «Бешинчи» каналдын журналисти Элнура Алканова «Апрель» телеканалынын «Чакмак» программасына чакырылды.

Элнура Алканова макулдугун билдирди. Эгер Али Токтокунов дагы келе турган болсо экөө бүгүн 21.40 «Апрелде» кезигишет.

Белгилей кетсек, Элнура Алканова «Азаттык» радиосунун Кыргызстандан которулган акчалар боюнча иликтөөсүндөгү айрым маалыматтарды текшерип чыккан. Ал иликтөөдө көрсөтүлгөн банктык документтер, анда аты аталган Айэркин Самайитиге тиешелүү кол тамгаларды ырастоого аракет жасады.

Элнура Алканованын материалында, «Азаттык» көрсөткөн документтер жасалма болушу мүмкүндүгү айтылат.

«Чакмак» программасын журналист Мирбек Айтикеев алып барат.

Эң көп окулган жаңылыктар